Жогороку Кеңештин депутаттары Бакытбек Жетигенов жана Канат Исаев катуу мушташып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактар жазып чыкты.

Эл өкүлдөрүнүн мушташа кеткенине эки күн болду. Депутат Бакытбек Жетигенов Канат Исаевдин кабинетине кирип барып катуу сабап салган. Буга себеп Исаевдин парламенттеги сүйлөгөн сөзү себеп болгондугу айтылууда.

12-июнда Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин жыйынында трибунага чыгып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн аптадагы билдирүүсүнө карата 15 мүнөттөй сүйлөгөн. Ошол сөзүндө “Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу мүчөсүн өзү алып келип, депутат кылды,”-деп айтканы бар.

2014-жылы Бакытбек Жетигенов Жогорку Кеңештин “Ар-Намыс” фракциясынан депутат болуп турган кезде ошол учурдагы ички иштер министри Абдылда Суранчиев аталган эл өкүлүн кримчөйрөдө таасирдүү төбөлдөрдүн бири Алмаз Бокушевдин жакын досу деген.

Буга карата Бакытбек Жетигенов  “Маалыматта мени Кара-Балтадагы уюшкан кылмыштуу топтун лидери Алмазбек Бокушев менен бирге окуган деп жатышат. Биз менен дагы көптөр окуган. Министр Суранчиевдин оюнда анын баары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү окшойт” деп жооп берген.


 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: