Жээнбеков кесиптештери Путин менен Си Цзиньпиндин ортосунда отурат (сүрөт)

111

Кечээ кечинде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен “Достук кербени” аттуу майрамдык гала-концерт коюлду. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда болду.

Саамалык эки саатка жакын созулуп, аны ШКУга мүчө мамлекет башчылары башынан аягына чейин көрүштү. Иш-чарадагы сүрөттөн Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлүк кесиптештери Путин менен Си Цзиньпиндин ортосунда отурганын көрүүгө болот.

Саммиттин расмий бөлүгү бүгүн башталды. ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу кататыр катышууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь