Бишкек ШИИБ “видеодо тараган адам биздин кызматкер эмес” дейт. Бүгүн бир катар маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда өзүн Абдырахманов деп тааныштырган мас абалдагы белгисиз адам Улуттук Гвардияга таандык күбөлүктү көрсөтүп, белгисиз үлгүдөгү куралын алып чыккан видеосу тарады. Ал видеого тартып жаткан жарандардын “сиз биздин аймактын тескөөчүсү болосузбу?” деген суроосуна “ооба” деп жооп берет.
Мындан улам Бишкек ШИИБи видеодогу адам милиция кызматында иштебейт деп билдирет. Маалым болгондой, учурда криминалдык милиция бөлүмү курал алып жүргөн адамды издөөдө.
Бул кайсы «блатной»? Кызматтык күбөлүк менен тапанча көтөрсө эле ушинтип калабы?
تم النشر بواسطة Bakyt Kaalaim في الخميس، ١٣ يونيو ٢٠١٩