Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өткөн саммитинде 21 документке кол коюлду. Отурумга ШКУга мүчө 8 өлкөнүн башчысы, 4 байкоочу өлкөнүн президенти катышты.
Кыргызстан ШКУнун кийинки саммитин уюштурууну Орусияга өткөрүп берип, аталган иш-чара 2020-жылдын 22-23-июлунда өтө турган болду.
Кол коюлган документтер наркотикага каршы күрөшүү, санариптештирүү жана маалыматтык-байланыштык технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, гуманитардык тармактар жана ШКУнун башка уюмдар менен кызматташуусу тууралуу болду.
maralfm.kg