Кытайдын түштүк тарабында катуу жааган жаандан улам, суу ташкындары пайда болуп андан 49 киши каза болду. 14 адам дайынсыз болууда. Өлкө бийлиги 7000 турак-үйлөр кыйрагандыгын маалымдады. 300 миңден ашуун жергиликтүү тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү.
Кырсыктан келтирилген чыгымдар 10 млдр юаньга (1,4млрд доллар) жетти. Аткаминерлер бул суу ташкындар жана жер көчкүлөр өлкөнүн 8 провинциясындагы 4,5 миллион адамга сезилгендигин айтышууда.