Балыкчы шаарынын “Жашылдандыруу чарба” МИ шаар тургундарына кайрылып, эскертүү кылды. Эгерде кимдир бирөөнүн кой, уй, жылкылары кароосуз калып, газондорго, парктарга, скверлерге кирип, тебелеп, карагайларды жана гүлдөрдү сындырып жаткан болсо, Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин 182-183-беренесине ылайык мал ээлери жоопко тартылат.
Аталган ишкана шаар тургундарын Балыкчы шаарынын өнүп-өсүшүнө аяр мамиле кылууга чакырды.