Москвада 18 жаштагы кыргызстандык кыз сууга чөгүп кетти

132

Москвада 18 жаштагы Кыргызстандын жараны Г.Б. сууга чөгүп кетти. Бул туурасында Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү билдирди.

Сууга чөккөн кыз Жалал-Абад областынын тургуну болгон. Москвадагы кафелердин биринде тейлөөчү болуп иштеп жүргөн. 12-июнь күнү достору менен жаратылышка эс алууга чыгышып, “Строгино” метросу тараптан Москва дарыясына агып кеткен. Куткаруучулар анын өмүрүн сактап кала алышкан жок.

Учурда каза болгондун жакындары кыздын сөөгүн мекенине алып келүү аракетин көрүүдө. Ал эми мекендештер үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн акча каражат чогултуп жатышат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь