Баетов айылынын түштүк тарабында союз учурунда курулган бассейн орун алган. Союз тарап кеткен соң бассейндин баркы кетип, ичине кум-шагыл толуп, айланасы таланып-тонолуп калган. Ушул бассейнди кайра калыбына келтирүү канчалык колго алынып, аракеттер көрүлбөсүн “багы жокко дагы жок” таризинде багы ачылбай келет.
Алгач, бассейнди оңдоп-түздөп пайдаланууга алуу иши мурунку аким Семетей Черикбаевдин демилгеси менен 2014-жылы башталган. Анда бассейндин ортосу мекеме-ишканада иштеген кызматкерлер тарабынан ашар жолу аркылуу тосулуп, ичине суу толтурулган эле. 2016-жылы ошол кездеги Жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун колдоосу менен 100 миң сом каражат бөлүнүп берилип, айланасы тосмолонуп, жаштар уюмунун пайдалануусуна берилген. Ал ортодо сууда сүзүү боюнча мелдештер дагы өткөрүлгөн эле. Тилекке каршы, санэпид мекемеси тарабынан бассейнге толтурулган суу талапка жооп бербейт деген аныктама менен кайрадан жабылууга дуушар болгон.
Бассейндин багын ачуу маселеси кайрадан көтөрүлүп, жергиликтүү жеке ишкер Мурат Аяновдун колуна тийди. Өткөн аптада район акими Нурбек Молдокадыров, жеке ишкер М. Аянов жана тийиштүү мекеме-ишкана жетекчилери бассейнге барышып, аны кайра калыбына келтирүү маселесин жеринен талкууга алышты.
Натыйжада, балдардын эле эмес дегеле жергиликтүү тургундардын жайкы эс алуусуна шарт түзүү, бассейнди заманбап талапка ылайык оңдоп-түздөө жана жеке ишкерге узак мөөнөткө же тактап айтканда 49 жылга пайдаланууга берүү макулдашылды.
«Теңир Тоо» гезити