Украинанын Киев шаарынын бейтапканаларынын биринде дарыгерге кезек күтүп отурган аял каза болду. Бул тууралуу чет элдк маалымат каражаттар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жумушка келбеген дарыгерди 12 сааттан ашык күткөн аял отурган жеринен каза болуп калган. Ал убакта күттүргөн дарыгер башка, жеке клиникадагы жумушунда болгон. Каза болгон аялды отурган ордунда эле кездеме менен үстүн жаап, башка чара көрүлбөнү айтылат.

Социалдык тармактарда “Өлүм дарыгери” деп маркумду күттүргөн дарыгердин сүрөтү жүктөлүп, интернет колдонуучулар саламаттыкты сактоо тармагында реформа жүргүзүүнү талап кылышууда.

Ошондой эле, Украинанын мурунку президенти Порошенконун бийлигинин убагында  2 млн 7 миң пенсионер, 150 миң жаш бала жана 500 миң оруган жарандар  каза болгону айтылат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: