Ошто милиондогон салыктан качкан ишкерлер кимдер?

151

Мамлекеттик салык кызматы Ошто ири суммадагы карыздарын төлөбөй жаткан ишканалардын жана жеке ишкерлердин тизмесин жарыялады.

Салык кызматына ири өлчөмдөгү карызы бар ишканалар жана ишкерлер:

“Асур” ЖЧКсы, директору — Мадибаев Арстанбек Үсөрбаевич, негиздөөчүсү — Жеңишбек Маматов. Карызы — 11 млн 897 миң 254 сом;

“Интер Строй ЛДТ” ЖЧКсы, директору жана негиздөөчүсү — Столбек Баатыров. Карызы — 11 млн 599 миң 606 сом;

“Интер Планета” ЖЧКсы, директору жана негиздөөчүсү — Нурланбек Матисаков. Карызы 3 млн 721 миң 716 сом;

“Айтур Строй” ЖЧКсы, директору жана негиздөөчүсү — Айтмамат уулу Кыял. Карызы — 1 млн 999 миң 189 сом;

Жеке ишкер Садык уулу Уланбек. Карызы — 1 млн 870 миң 102 сом;

“Кадыр ЛТД” ЖЧКсы, директору жана негиздөөчүсү — Курстан Бадиров. Карызы 1 млн 75 миң 724 сом;

“ДилКом” ЖЧКсы, директору жана негиздөөчүсү — Дилбар Камилова. Карызы — 882 миң 629 сом;

“Алдияр ТОО” ЖЧКсы, директору жана негиздөөчүсү — Тайир Жусупбеков. Карызы — 763 миң 555 сом;

Жеке ишкер Абдураим Хайдаров. Карызы — 631 миң 150 сом.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь