Ош облусунун Кара-Суу районунун Эркин айылынын төрт күндөн бери дайынсыз болуп жаткан тургунунун жансыз денеси Савай каналынан табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлагандай, Эркин айылынын 1974-жылы туулган тургуну 10-июндан бери изделип жаткан.

Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн саат 07:00дө ӨКМден жалпы 45 куткаруучу тартылып, саат 08:05те маркумдун жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Издөө иштерин маркумдун туугандары өз алдынча жүргүзүшүп, каналга түшүп кетишин болжолдошкон. Себиби канал боюнан велосипеди табылган. Мындан улам ӨКМдин республикалык өзүнчө куткаруу отрядына жардам сурап кайрылышкан. Ал эми маркум сууга кантип качан түшкөнү белгисиз.

ӨКМ адистери сууга сүзүү мезгили башталганына байланыштуу жарандарды этият болууга чакырып, балдарды кароосуз калтырбоону эскертет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: