Президент Жээнбеков ШКУда экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орган түзүүнү сунуштады

135

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча атайын орган түзүүнү сунуштады. Аталган демилгени мамлекет башчысы Бишкекте өтүп жаткан ШКУ саммитинин кеңири курамдагы жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, адатта, экономикалык кылмыштар трансулуттук мүнөзгө ээ.

Алар баңгизат соодасы, аткезчилик, кылмыштуулук аркылуу келген акчаны адалдоо аракети менен тыгыз байланышта. Жыйынтыгында алар өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратат. Кыргызстан ШКУ алкагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча атайын орган түзүүнү сунуштайт“, – деп билдирди президент.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУ саммити өтүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь