Сапарга чыккан 32 мигрант дайынсыз

183
Кариб деңизинде 32 мигрант бараткан кайык бир аптадан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматтарга караганда, мигранттар 7-июнь күнү Венесуэладан Кюрасао аралына жетүү үчүн сапарга чыккан.  Бир дагы мигрант ошол бойдон байланышка чыккан эмес. Ал эми бийлик бул тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек, мындан сырткары аларды куткаруу же издөө иштери да жарыялана элек.
“Мамлекеттик органдар бул мигранттарды издөө боюнча эч кандай аракеттерди жасабай жатат. Алар жакшы жашоо издеп өмүрүн тобокелге салышты. Ушунча күндөн бери бир кабары чыкпай жатса, демек алар орто жолдон кырсыкташты”, – деп билдирген Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын депутаты Луис Стефаннели.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь