Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов эс алуу багынын тепкичин унаасы менен талкалаган тургун 7500 сом айып пулга жыгылды. Ал эми паркка келтирилген зыян үчүн 4500 сом төлөмөй болду.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басмас сөз катчысы Абсаттар Тавакалов «Клоопко» билдиргендей, 21 жаштагы тургунга Бузуулар жөнүндөгү кодекстин «Автоээнбаштык» беренесинин негизинде 7500 сом айып пул салынган. Ал эми «Токтогул» сейил багындагы тепкичкерге келтирилген зыяндын суммасы 4 миң 500 сомду түзгөн.
Эске салсак, 10-июнга караган түнү Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу тепкичтер менен паркка айдап кирген видеосу тараган.