Шашылыш билдирүү! Жамгыр карга айланышы мүмкүн

141

15-16-мюнь күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма-сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү  жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Андыктан туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь