Кыргызстандык мушкер, UFCнин жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко чемпиондук курун сактап калуу үчүн 20 – июлда Сан-Антониодо америкалык мушкер Лиз Кармуш менен беттешет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Эске салсак, Шевченко 2010 – жылы Оклахомдогу беттеште Лиз Кармушдан техникалык нокаут менен жеңилип калган.
Кыргызстандык спортчу өткөн жуманын аягында Джессика Айды нокаут менен жеңип алган.