Ысык-Көлдүн жээгинде 3 миң желим бөтөлкөдөн киттин инсталляциясы тургузулду

238

Ысык-Көлдүн жээгинде ыктыярчылар 3 миң желим бөтөлкөлөрдөн турган арт-объект жасашты. Муну менен алар экологиялык көйгөйгө көңүл бурдуруу максатын көздөйт.

Кит суудан секирип жаткандагыдай арт-объект, келген эс алуучуларга “жаратылышка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин эске салат”- дейт түзүүчүлөр.

Инсталляцияны орнотууга 3 күн жана кызматкерлер чогулткан 3 миң желим бөтөлкө жумшалган.

Дүйнөдө ар бир секундда 20 миң желим бөтөлкө жасалса, ар бир мүнөттө аны миллиондогон кардарлар сатып алат. 30 жылдан кийин деңизде балыктардан дагы желим бөтөлкөлөр көп болооруна саресеп салышат.

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь