Кыргызстандыктардын 22% жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Аталган мекеме жакырчылыктын деңгээли боюнча 2018-жылкы статистиканын толук жыйынтыгын чыгарган. Алар тараткан билдирүүгө таянсак, былтыр кыргызстандыктардын 22,4 пайызы же калктын 1 млн. 429 миңи жакырчылыкта жашаган. Анын ичинен 35 миңи өтө кедей болуп чыккан.
Жону жукалардын 68,0 пайызы айыл жергесинин тургундары.
Кедейчиликтин деңгээлин эсептөө калктын тикелей кирешесине жараша боло турган керектөөчүлүк наркынын негизинде жүрөт. Жалпы кирешелердин 11,7 пайызы калктын Кыргызстандан тышкары жүргүзгөн эмгек ишмердигине туура келет.