Мындай маалыматты бүгүнкү 14-июнь ” Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун” күнүнө утурлай, Республикалык кан борборунун генералдык директору Бакыт Карабаев Элдик Медиага билдирди.
Дарыгердин айтымында, 18 жаштан 60 жашка чейин кан берем деген жарандар аталган борборго келип биринчи этаптагы анализдерин берет. Андан соң дарыгерлердин уруксаты менен кан тапшырууга болот же болбойт деген жыйынтык алат.
Кан борборундагы ардактуу ардагерлер бар, алар көп жылдан бери 2 айда бир кан тапшыргандар. Алар жыл сайын 14- июнь күнү өтүп турган акцияга келип катышып турушат. Акыркы 5 жылда кан донорлорунун саны 42000 ге жетет. Акысыз, ыктыярдуу түрдө 30 жолу кан бергендер саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан “Ардактуу донор” наамына ээ болушат. Аларга ай сайын 1000 сом өлчөмдөгү сый акы төлөнүп турат.
Дуйнөлүк практикада үзгүлтүксүз кан берип турган адамдардын ден- соолугу чың, шамдагай, сергек болушат. Өз жаш курагынан 10, 15 жашка жаш көрүнүшөт.