69 сом менен Ысык-Көлгө жетесиз! Кантип?

222

Жайкы туристтик сезондун ачылышы менен 14-июндан тартып “Бишкек-Балыкчы”, “Балыкчы-Бишкек” туристтик поезд каттамы жүрүп баштады.
14-июндан 14-июлга чейин, жума, ишемби, жекшемби күндөрү каттамдар жүрүп турат. Ал эми 15-июлдан тарта 8-сентябрга чейин каттамдар күн сайын жүрүп турат.

“Бишкек-1” бекетинен жергиликтүү убакыт боюнча 06:25 де жөнөп, “Балыкчы” бекетине 11:20да келет. Кайра “Балыкчы” бекетинен 17:08де чыгып, “Бишкек-1” бекетинде 21:58де болот. 

Билет баасы чоңдор үчүн — 69 сом, 10 жашка чейинки балдар үчүн — 34 сом.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь