Аида Салянова Улуттук кардиология борборуна жаткырылды

99

Экс-башкы прокурор Аида Салянова бүгүн, 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Салянова дарыгерлердин жана Саламаттык сактоо министрлигинин “дарыланууга муктаж” деген бүтүмүнөн кийин бейтапканада калтырылган.

Салянованын жүрөгү аппаратка тартылып, дарыгерлер консилиуму ооруканага жаткыруу зарылдыгын айтышкан. Учурда экс-башкы прокурор куралдуу күзөттүн кайтаруусунда кардиология борборунда калды.

Анын ооруканада канча убакытка болору азырынча белгисиз. Мурдагы башпрокурор бүгүн Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология борборуна алынып келинген болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь