Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынан түзүлгөн комиссиянын иши коомчулук үчүн ачык болот.  Алар мындай тартипти кечээ биринчи жыйынында кабыл алышкан. Бул тууралуу  депутат Евгения Строкова айтып чыкканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Белгилүү болгондой комиссиянын төрагалыгына депутат Каныбек Иманалиев шайланды. Кийинки жумада комиссия күн сайын өзүнүн жыйындарын ачык өткөрөт. Ага катталышкан бардык журналисттер катыша алышат.

Эске салсак, атайын комиссия Жогоку Кеңеште 13-июнда түзүлгөн. Анын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: