«Жакыр жашагандарга жардам берүү» социалдык долбоору коомдук талкууга чыкты

118

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Өкмөттүн «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка ылайык, долбоор жакыр үй-бүлөлөрдүн турмуштук кыйынчылыктарды жеңе билүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан. Анда турмушу начар үй-бүлөлөргө келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу жобо бекитүү каралган, ал 2019-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Долбоордун алкагында жардам алууну каалаган жакыр үй-бүлөлөргө 100 000 сомго чейин бир жолку социалдык жардам берилет. Ошондой эле, жакыр үй-бүлөлөр үчүн жумуш орун түзүүнү каалаган ишкерлерге кайтарымсыз акча бөлүнөт.

Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын аталган министрликтин бюджетинен 300 млн сом каралат.

Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу жобону ишке ашыруу өз алдынча иштөөгө аракеттешүү максатында төмөнкү көрсөткүчтөргө жетүүнү шарттайт:

– оор турмуштук кырдаалдан чыккан жарандардын саны, алардын келишим аяктаган мөөнөттөгү жан башына орточо кирешесинин социалдык келишимдин башталышына салыштырмалуу өсүүсү; – «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпул алуучулардан чыккан социалдык келишим түзгөн үй-бүлөлөрдүн саны; – туруктуу иши бар жарандардын саны.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь