Жалал-Абадда жайкы эс алуу мезгилине карата жаш ѳспүрүмдѳрдүн коопсуздугун камсыздоо жана кокустук фактыларынын болтурбоо максатында «Ѳспүрүмдүн коопсуздугу» аталышындагы алдын алуу иш-чарасы ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматынан билдирди.
Курамына Жалал-Абад ШИИБнин жана мамэкотехинспекция, шаардык билим берүү, балдарды коргоо бѳлүмүнүн ѳкүлдѳрү кирген жумушчу топ түзүлгөн.
Алар шаардагы «Жеңиш» жана «Токтогул» эс алуу багындагы аттракциондордун азыркы учурдагы абалына кѳз салышты. Эс алуу бактарындагы аттракциондор жана шаар аймагындагы сууга түшүүчү жайлардын жайкы эс алууга карата даярдыгы кароодон ѳткѳрүлүп, техникалык коопсуздукту сактабаган оюн-зоок жайларына эскертүү берилип, акт түзүлүп, атайын тапшырманын негизинде Жалал-Абад ШИИБнин тергѳѳ кызматына берилди.
Жалал-Абад ШИИБи аптаптуу күндѳрү ѳспүрүмдѳрдү суу кѳлмѳлѳрүнѳ жалгыз жибербѳѳгѳ, эс алуу бактарындагы аттракциондорго чыгарууда ата-энелерге балдардын коопсуздугуна кѳзѳмѳл кылууга чакырат.