Индиянын премьер-министри Twitter баракчасына кыргызча жазып, элге ыраазычылыгын айтты

250

Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанда ШКУ Саммити жемиштүү өткөндүгүн бийик баалап, кыргыз элинин жана президент Сооронбай Жээнбековдун меймандостугуна ыраазычылыгын билдирди. Индиянын лидери билдирүүсүн кыргыз тилинде өзүнүн твиттер баракчасына жазды.

Меймандос кыргыз элине ШКУ Саммитинин жемиштүү өткөнүнө чоң ыраазычылыгымды билдирем. Бул Саммит көп кырдуу кызматташтыкты бекемдеп, көптөгөн позитивтүү жыйынтыктарды алып келет деп ишенем. Кыргыз Мамлекетине жана Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирем.

14-июнда Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визити болуп өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Нарендра Моди чакан жана кеңири курамда жолугушууларды өткөрүп, жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу тууралуу бир катар документтерге кол коюшкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь