Милиция кызматкери кызматтык унасы менен Ысык-Көлдүн жээгине чейин кирип барып сүрөткө түшкөн. Социалдык тармакта колдонуучулар тарабынан укук коргоочунун дарегине сындар айтыла баштаган. Сүрөттө көрүнүп тургандай, бир гана эмес дагы башка унаа токтоп турат.

Кыргызстандын суу сактоочу аймактарында жана суу объектилеринде унаа токтотууга жана транспортту жууганга уруксат берилбейт.

Бул боюнча ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов “элдик медиага” төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

Формасындагы төш белгисин жана автоунаасын карасак, 2016-жылдагы кайгуул милиция учурунда тартылган сүрөт.  II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы учур, адашпасам бул факты боюнча чара көрүлгөн.“- дейт Оторов.

Белгилей кетсек, буга чейин ИИМДин жол тескөөчү кызматы Кайгуул милициясы деп аталып, кийин кайра 2017-жылы Кайгуул-күзөт кызматы Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык болуп өзгөргөн.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: