Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов тапанча менен таамай аткан өнөрүн жарыялады. Президент улуттук армияга тез арада согуш талаасына даярдануу боюнча буйрук берген. Сигнал менен бардык аскер бөлүгүндөгүлөр козголуп, аскер учактары жана тик учактары окутуу-машыгуу боборун көздөй бет алган.
Машыгуу бүткөн соң Бердымухамедов велосипедке отуруп, мишенди көздөй жаза кетпестен үч жолу таамай аткан.
Түркмөнстандын президенти ар кандай өнөрлөрүн коомчулукка жарыялап келет. Алсак, ыр чыгарып, жада калса атына арнап рэп ырдаган жайы бар. Мындан тышкары китеп жазат.