Футзал: Кыргызстандын курамасы биринчи беттеште жеңилип калды

264

Кечээ, 14-июнь күнү Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия биринчилигинин  алкагындагы оюнда Таиландга утулуп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти. Кыргызстандык спортчулар атаандаштарына 2:4 эсебинде утулган.

Бүгүн алар Ливанга каршы беттеш өткөрөт.

Белгилей кетсек, оюн Ирандын Тебриз шаарында өтүп, ага жалпысынан 12 өлкө катышууда. Алар:  Иран, Ооганстан, Гонконг, Тайланд, Ливан, Кыргызстан, Япония, Вьетнам, Тажикстан, Ирак, Индонезия, Кытай  мамлекеттери.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь