Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нурматовдор аймактагы эл менен жолугат

214

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү Чубак ажы Жалилов менен Абдышүкүр ажы Нурматов өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү эл менен жолугат.

Муфтияттан кабарлагандай, Абдышүкүр ажы Нарматов 16-июнь күнү Баткен облусунун Лейлек районундагы Катыраң айылына барат.

Ал эми Чубак ажы Жалилов 17-июндан 20-июнга чейин Ысык-Көлдүн Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл райондорунда, Каракол, Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарында болот.

Аалымдар элдин бир катар суроолоруна жооп берип, баяндар окулат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь