Бишкекте калаада эки автоунаа кагышып, бири жол жээгине оодарылып кеткен. Бул тууралуу Бишкек ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн таңкы саат 05:05тер чамасында Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде болгон.
“Subaru forester үлгүсүндөгү автоунаа Москва көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып Эркиндик бульварына жеткенде Honda Jazz үлгүсүндөгү көлүк менен кагышкан. Жыйынтыгында Honda Jazz бульвардын ичине, тротуарга кирип кеткен”, — деп жазылат маалыматта.
Кырсыктан жабыркаган эки адам ооруканага кайрылышкан. Автоунаалар атайын жайга токтотулуп, иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.