Бүгүн Бишкек шаарында унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Орозбеков менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде унаадан чыккан өрт тууралуу маалымат саат 10:22де түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүү үчүн 1 өрт өчүрүү бөлүм тартылды. Өрт саат 10:45те толугу өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуусунун себеби такталууда.