Борбордо 21 жаштагы баланы унаа сүзүп кетти

145

Борбор калаада жолдон өтүп бараткан 21 жаштагы жигитти Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 15-июнь күнү болжол менен эртең мененки саат 7:30да болгон. Анда 24 жаштагы айдоочу Чүй проспектиси менен келе жатып 7-апрель көчөсүнө жетпей жолдон өтүп бараткан адамды сүзүп алган. Жабыркаган жигит ооруканага жаткырылды.

Автоунаа атайын жайга токтотулуп, тергөө амалдары башталды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь