Жумгалда жолдун ортосуна түшүп калган сырдуу кутуча кимдики? 

111

Гүлбүбү Рысбаева белгисиз адамдардын Жумгал районунун аймагында жолго түшүп калган кутучасын кайтарып берүүнү каалайт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат карадаттары жазды.

Гүлбүбү айымдын өзүнүн айтымында, бул кутуча туристтерге тиешелүү болушу ыктымал.

«Бул кутучаны 13-июнь күнү кечки саат 17:00 чамасында Жумгалдын Чаек айылы менен Суусамырдагы Кызыл-Ой айылынын ортосундагы жолдо кетип бара жатып таап алдык. Кутуча жолдун ортосуна түшүп калыптыр. Ал ачкыч менен ачылат экен. Менимче бул туристтердики болсо керек. Себеби биз таап алгандан кийин жолубузду улантып бара жатып, жолдон токтоп эс алганбыз. Ошол учурда эки турист мотоциклдери менен катуу ылдамдыкта өтүп кетти. Катуу ылдамдыкта өтүшкөндүктөн токтотконго жетишпей калдык. Бирөөсүнүн мотоциклинин артында дал ушундай кутуча бар экенин байкап калдым.

Мен деле чет өлкөгө көп барам, аларды түшүнөм. Себеби бул кутучада документтери болуп калса кыйналып калышат. Ошондуктан бул кутучанын ээсин тапканга жардам керек», – деди ал.

Кутучанын ээси же аны тааныгандар болсо 0704 13 96 31 номуру аркылуу байланышса болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь