Индиянын Бихар штатында мээ кайнаткан ысыктан 29 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазды.
Мындан тышкары, дагы 30дай адам оор абалда ооруканага түштү.
“Бихарда акыркы бир нече күндөн бери күндүн ысыгы күндүз 40 градустан түшпөй жатат. Ал эми Нью-Дели шаарында 10-июнь күнү күндүн табы калаанын тарыхында биринчи жолу 50 градуска чыкты”, — деп жазылат маалыматта.
Синоптиктердин айтымында, мындай ысыктын кармалып турушуна Индия океанынан материкти көздөй соккон шамал себеп болууда. Мунун айынан өлкөнүн түндүк аймагы кургап кеткен.