Шевченконун чимирилип бийлеген видеолору тарады 

260

Кыргызстандын кызы, UFC мушкерлер уюмунун чемпиону Валентина Шевченко көп кырдуу таланттын ээсит. Ал октагондо беттешкенден сырткары сүрөт тартып, гитарада ойноп, көп  элдин бийин бийлейт.

Салтка айланган лезгинка

Кыргызстандык мушкер жакында эле америкалык Жессика Айды утуп, UFC уюмундагы 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды. Жеңишинен кийин күйөрмандары үчүн лезгинка бийледи.

Ал дайыма беттешке чейинки ачык машыгууда дагы лезгинканы аткарып келет.

Кара жорго да жакшы бийлейт.

Валентина Шевченко ушул жылдын 7-апрелинде мекени Кыргызстанга келип, бир жумадай жүрүп кеткен. Ал Ошко күйөрмандары менен жолугушууга барганда алгачкы ирет кыргыздын улуттук бийи — кара жоргону аткарган.

Валентина Шевченко кара жорго бийледи

تم النشر بواسطة ‏‎Aziza Pusurmankulova‎‏ في الثلاثاء، ٩ أبريل ٢٠١٩

Танго бийи

Видео бир канча жыл мурда тартылган. Шевченко Instagram баракчасына Перудагы сынакка катышып, танго бийлегенин жазган.

Чыгыш бийи

Мушкердин мындай видеосун көргөндөр анын октагондо чыгып мушташарына ишенбесе керек…

View this post on Instagram

Beirut. Lebanon. May 2017

A post shared by Valentina Shevchenko (@bulletvalentina) on

Бул чыгыш бийи бир канча жыл мурда тартылган. Анда Шевченко муай-тай боюнча кармаштарды өткөргөн.

Цыган бийи

Видео 2012-жылы тартылганы менен мушкер аны жаңы жылдын (2019) биринчи күнү жүктөгөн.

https://www.instagram.com/?utm_source=ig_embed&utm_campaign=embed_video_watch_again

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь