Айласыздан мечиттен карызга акча алып, өлкөнүн намысын коргоп келген спортчу

429

Таяк тартыш боюнча дүйнө чемпионатынын кубогу үчүн тандап алуу этабындагы мелдешке Кыргызстандык спортчу айым Дилдора Рахманова барып, өлкө намысын коргоп, чемпиондукту утту.

Аталган мелдеш Азербайжандын Баку шаарында 7-июндан 10-июнга чейин болду.

“Азербайжандын Баку шаарында өткөн таяк тартыш боюнча дүйнөлүк кубоктун тандап алуу турунун биринчи этабына катышып келдим. Мен 85 кг салмактан жогоркулар менен таяк тартыштым. Бул салмактар менен 24 спортчу күч сынаштык. Мен  Польшалык, Азербайжандык, Якутиялык спортчуларды жеңип, финалда Орусиялык спортчуну уттум. Жыйнытыгында 1-орунду багындырдым. Ал эми мелдештин экинчи этабы Ташкентте, үчүнчү этабы Польшада болот экен. Ошондо Ташкентке жолдомо алдым, мындан ары Кыргызстандын намысын коргоп келем деп ишенем.”-деп билдирген чемпион.

Кыргызстандын желегени желбиреткен спортчу айымдын айтымында, аталган мелдешке катышуу үчүн Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү мечиттердин бирине чогулган акчадан 50 миң сом карыз алган. Мындан сырткары Ош шаарындагы авиакассалардын биринен билетти да 38 миң сомго карызга алган.

« Эми буларды өзүм төлөйм. Бул беттешке баруу үчүн жардам сурап Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылдым, бирок ал жактан «бул кубоктун бизге пайдасы барбы?» деп сурашты. Ошондой эле, Жергиликтүү акимчиликке дагы кайрылганымда, каражат жок экенин айтышты. Бакудагы мелдештен кийин чет өлкөлүк спортчулардын машыктыруучуларынан өз өлкөлөрүнөн чыгуумду сунушташты. Алар мага «үй-жай, акча беребиз» деп айтышты. Бирок,сунуштардан баш тартып, Кыргызстандын желегин желбиретээримди билдирдим” -деп кошумчалады спортчу айым.

Эске салсак, Дилдора Рахманова  алыш күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын, дүйнөнүн чепиону. Түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү боюнча да дүйнөнүн чемпиону. Таяк тартыш боюнча дүйнөлүк чемпионатта байгелүү орунду жеңген. Таяк тартыш, белбоо, алыш күрөш боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону болууга жетишкен.

Булак: Турмуш

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь