Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия Алмазбек Атамбаевди оор кылмыш боюнча айыптоодо.
1) Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына 135 ок атуучу куралдарды тапшырган. Бул жарандардын арасында уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрү бар.
2) Кой-Таштагы турак жайы мыйзамсыз алынган.
3) Кримтөбөл Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө мыйзамсыз бошотулган.
4) Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда 35,65 гектар жер тилкесин “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына мыйзамсыз которгон.
5) “Дастан” ишканасынын айрым кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таштагы жерди мыйзам бузуу менен сатып алган.
6) Чоң-Сары-Ойдо 4,61 гектар жер тилке Алмазбек Атамбаевдин атына мыйзамсыз өткөн.
7) Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоочу компанияны Атамбаев өзү тандаган. Бул иштен улам мамлекетке чоң зыян келтирилген.
8) 2016-жылы Аида Салянова интернеттеги социалдык тармактарында ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келүү боюнча жазып, Атамбаевдин жеке менчик компанияны колдогон деп айткан.
9) Атамбаев президент болгондо бардык бийликти өз колуна алып, уюшкан кылмыш тобун түзгөн. Ал “Датка-Кеминди” курууда, Тарых музейин оңдоого аралашкан.
Учурда Атамбаевдин экс-президенттик статусунан ажыратуу маселеси Жогорку Кеңеште атайын комиссия карап жатат.