Атамбаевдин кеңешчиси Илмияновдун тергөө иши аяктады

215

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго байланышкан тергөө иши аяктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Ага Икрамжан Илмияновго «алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Ал УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.

2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында Икрамжан Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу айтылып, кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.

Бүгүнкү күндө Илмиянов мнене жактоочусу козголгон иши боюнча материалдар менен таанышып жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь