Гонконгдун эки миллиондой тургуну Кытайга экстрадициялоо боюнча мыйзамга каршы нааразылык жүрүшүнө чыкты. Бул Гонконгдун тарыхындагы эң ири каршылык жүрүшү болуп калды. Бийлик экстрадициялоо боюнча мыйзамды убактылуу токтотту. Бирок ошого карабастан каршылык акциялары токтобой жатат.

Мыйзамды артка чакыртып, экинчи ирет сунуш кылбоо талабы айтылууда. Жекшембиде Гонконгдун бийлиги элден кечирим суроого аргасыз болду.  Полиция маалыматы боюнча каршылык жүрүшүнө 338 миң киши катышты. Уюштуруучулар мындан бир нече эсе көп болгонун айтууда.

Бүгүнкү жүрүшкө эки миллондой киши катышты”,-деди уюштуруучлардын бири Жимми Шам.

Өзгөчө макамдагы Гонконгдун өзүнүн мыйзамдары бар. Экстрадиция боюнча 20 өлкө менен келишим түзгөн. Анын ичинде АКШ жана Британия сыяктуу өлкөлөр менен келишим бар. Бирок Кытайдын өзү менен эч кандай келишим жок.

Бир топ күндөн бери уланып жаткан каршылык акцияларына экстрадиция боюнча мыйзамдын өзгөртүлүшү себеп болду. Бээжин автономдук аймактан кайсыл бир өлкө бийлиги тарабынан айыпталган жарандарды Кытайга, Макаого жана Тайванга экстрадициялоого уруксат берген мыйзамды демилгеледи.

Нааразылык билдиргендер муну менен Бээжин Гонконгдун автономиялык үлүшүнүн чоң бөлүгүн жок кылып жатат деп сынга алууда. Азыркы учурда кайсыл бир айыптоолор менен Гонконгдо жүргөндөрдү материктеги Кытайга экстрадиялоого уруксат жок.

Би-Би-Си

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: