Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун небереси  инстаграм баракчасына Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук боюнча кызматы менен Башкы прокуратурасынын жетекчилерине жазган арызынын көчүрмөсүн жайгаштырды.

Арызда Гүлнара Каримовага жактоочусу барып келген мезгилден бери медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн жана анын баракка жайгаштырылганын жазган. Гүлнара Каримованын кызы энесин абактын кызматкерлери психологиялык жактан басмырлап, денесине залал келтирип жатат деген.  Мындан сырткары, моралдык жактан да кемсинтүү болууда деп кошумчалаган.

“Күнүнө 40 мүнөттөн төрт ирет текшерүүдөн бошотулган эмес. Бул 40 градус ысыкта жасалып жатат. Анын кан басымы жогорулап кетип жатканы, бутунун тамырлары кеңейип кеткени жана күн сайын кан агып жатканы туурасында ойлошкон да жок”, — деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле, ал Каримованын абалы күн сайын оорлоп бара жаткан билдирди.

Экс президенттин небереси Иман Каримова жогорудагы арызды эл аралык сотко жиберүүнү пландап жатат.

Маалыматка таянсак, Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова мыйзам чегинде чыккан өкүмдүн негизинде жазасын өтөп жатат. Аталган органдын маалымат катчысынын айтымына караганда, ага көрсөтүлүүчү медициналык жардам чектелген эмес.

Эске салсак, Гүлнара Каримованы камакка 2015-жылы алышкан. 2017-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Кийин өкүм өзгөртүлүп, 5 жылгакыскартылган.

Андан кийин Гүлнара Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган. Ушу тапта ал жазасын мыйзамдык шартта өтөөдө.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: