ECA International изилдөө уюму дүйнөдөгү эң кымбат шаар деп Ашхабадды атады.
Аталган уюмдун 13-июнда жарыялаган иликтөөсүндө таянсак, былтыр бул рейтингде 111-орунга жайгашкан Түркмөнстандын баш калаасы бир жыл ичинде 110 тепкичке жогорулап, быйыл сап башына чыккан.
Ашхабаддын бир жыл ичинде мындай жогорку баскычка чыгышын уюмдун өкүлдөрү акыркы жылдары Түркмөнстан туш болгон экономикалык жана валюталык мүшкүлдөргө байланыштыркан.
Ашхабад кийинки дүйнөдөгү эң кымбат он шаардын катарына Цюрих, Женева, Базел, Берн, Гонгконг, Токио, Сеул, Тел-Авив жана Шанхай чыккан.