Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу Жогорку Кеңеште жыйын өтүүдө. Депутаттардан турган 12 комиссия мүчөсүнөн 9у катышып жатат.
Отурумда депутат Талант Мамытов 40тан ашык депутаттардын Атамбаевге айып угузуу менен бирге экс-президент статусунан ажыратуу демилгесин окуду. Анда Атамбаевдин 135 курал-жаракты мыйзамсыз сыйлыкка берүүсү, Батукаевдин бошотулушу, мыйзамсыз жер тилкелерин берүү жана башка жалпы 10 айыпты угузду. Айтылган далилдер канчалык чын, жыйындын экинчи бөлүгүндө тиешелүү укуктук органдардын өкүлү жооп бермекчи.
Эл өкүлү Каныбек Иманалиев “Бийликтин бардык бутактарын өз кызыкчылыктарына пайдалануу менен Алмазбек Атамбаев уюшкан кылмыштуу топ түзүп, ЖК депутаттарын, сотторду, журналисттерди, өз режимине кашы чыккан адамдарды куугунтуктаган“- деген айыптын бирин окуп, баяндамачыларга сөз берди.
“Мындай окуя Союздук республикадан биринчи жолу Кыргызстанда өтүп жатат. Башка мамлекеттер бизди сынап карап турат. Комиссия мүчөлөрү тарыхый жана саясий укуктук жоопкерчиликти сезе билип, сүйлөгөн сөздө фактыга жана мыйзамга гана таянып, кайсы бир адамдын инсандык касиетине шек келтиргенден алыс болсок“,- деди Каныбек Иманалиев.
Белгилей кетсек, эгерде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден макам алынмакчы.