Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын бүгүнкү отурумуна Атамбаев чакырылды

91

Бүгүн, 17-июнда саат 14:00дө Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу үчүн күнөө коюу маселеси боюнча корутунду берүү үчүн түзүлгөн Жогорку Кеңештин атайын комиссиясынын отуруму өтөт.

Эл өкүлдөрү жыйынга мурунку президент Алмазбек Атамбаевди же анын өкүлүн катышууга чакырышкан. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Бардык кызыккан тараптарга эшик ачык. Отурум ачык өтөт.

Белгилей кетсек, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында атайын комиссия түзүлүп, анын курамына КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, “Республика – Ата Журт” фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, “Кыргызстан” фракциясынан Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Алтынбек Жунус уулу, “Бир Бол” фракциясынан Бактыбек Турусбеков, “Ата Мекен” фракциясынан Каныбек Иманалиев кирген. Ошондой эле комиссиянын иштөө мөөнөтү 7 күн деп белгиленген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь