Жогорку Кеңештин депутат-айымдары Азербайжанда болушту

271

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Карамат Орозова, Ирина Карамушкина, Жылдыз Мусабекова, Айнура Аскарова жана коомдук ишмер Роза Акназарова Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин (парламентинин) төрагасы Октай Асадовдун кабыл алуусунда болушту.

14-июнда Баку шаарында Азербайжандын Милли Межилиси (парламенти) менен Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы (ТҮРКПА) биргеликте уюштурган “Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүүдө түрк дүйнөсүндөгү аялдардын ролу” деп аталган эл аралык конференцияга Жогорку Кеңештин депутат-айымдары катышты.

Парламент төрагасы О.Асадов катышуучуларды куттуктап, көйгөй жараткан маселелерди чечүү үчүн мүчө-өлкөлөрдүн аял парламентарийлеринин башын бириктирген конференциянын өзгөчөлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде аялдар коомдун баардык тармактарынын активдүү катышуучулары экенин, гендердик теңчилик жаатында аянтча түзүүдө конференция чоң мааниге ээ экенин билдиришти.

 

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь