ИИМ: Шамиль Атаханов Алмазбек Атамбаевге карата көрсөтмө берди

305

Депутаттык комиссия тарабынан Алмазбек Атамбаевге тагылган айыптар боюнча ИИМдин өкүлү тергөө жүрүшүндө Атамбаевдин аты айтылып жаткандыгын билдирди.

ИИМ: “Суракта мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча Алмазбек Атамбаевдин катыштыгы бар экендигин, ташпырма түшкөнүн айткан” деп билдирди.

Белгилүү болгондой, Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен, анын бөгөт чарасы өзгөртүлгөн болчу.

Бүгүн, 17-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын отуруму өтүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь