Кыргызстандык жаш шахматчы Галкиндин берүүсүндө Юлий Гусманды жеңип алды (видео)

295

Кыргызстандык жаш шахматчы Султай Чыңгыз Максим Галкиндин «Лучше всех» шоусуна катышты. Чыгарылыш кечээ 16-июнда көрсөтүлдү. Бирок бул эфир мындан эки жыл мурда тартылган.

Султай эки жылдан бери шахмат ойноорун айтып, 4 жашында эле мелдештен күмүш медаль тагынган. Султай Дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу коло медалга ээ болгон. Телеберүүгө Султай атасы менен келген.

Кичинекей шахматчы белгилүү режиссёр Юлий Гусман менен күч сынашып, аны жеңип алды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь