“Кыргыз темир жолу” мамлекетке 69 миллион сомдон ашык зыян келтирген

“Кыргыз темир жолу” ишканасы бюджетке 69 млн. сом чыгым келтирген. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан жалпысынан 432 миллион сомго 150 даана универсалдуу темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталган.

Ошондой эле аталган кызматтын айрым кызматкерлери мыйзам бузуп, бюджеттик каражатты үнөмдөлбөй колдонулганы такталган.

“Темир жол товарларын өндүрүүчү алдыңкы заводдор жарым вагондорду 35 миң доллардан жеткирүүнү сунуштаган. Бирок тендердик комиссия аны четке кагып койгон. Ал эми жарым вагондорду 41 миң долларга сунуштаган чыгашалуу ортомчу компания жеңүүчү деп табылган. Ошондой эле комиссия техникалык өзгөчөлүктөр талабын караган эмес. Тагыраагы, 12-132 үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 88 метр куб болгон жарым вагондун ордуна 12-9796 үлгүсүндөгү 78 метр кубдук жарым вагон сатылып алынган. Натыйжада мамлекетке 69 миллион сомдон ашык зыян келтирилген”, — деп айтылат билдирүүдө.
Бул ишке байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси  боюнча  кылмыш иши козголду. Учурда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик мекемеси темир жол жарым вагондорун сатып алууда Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан кредиттик эсепке түшкөн каражат колдонулган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь