Назарбаевдин жакындарына VIP-залда кызмат көрсөтүлөт

149
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин айланасындагы аткаминерлерге өлкө аэропортторундагы атайын бөлүнгөн залдарда кызмат көрсөтүлөт. Бул тууралуу коомдук талкуу үчүн 14-июнда жарыяланган өкмөттүн токтом долбоорунда жазылган.
Өлкө аэропортторундагы VIP-залдарда кызмат көрсөтүлө турган аткаминерлердин тизмесине Туңгуч президенттин атындагы фонддун аткаруучу директору менен анын орун басарлары, Элбашынын канцелярия жетекчиси жана анын орун басарлары, Назарбаевдин жардамчылары менен кеңешчилери, ошондой эле экс-президенттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген. Токтом расмий басылып чыккандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Өлкөнү дээрлик 30 жылдан бери башкарып келген Нурсултан Назарбаев быйыл мартта кызматтан кеткен. Бирок ал «Нур-Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп, бийликтеги таасирин сактап калды. Мындан тышкары Назарбаев «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин ардактуу төрагасы» жана «Ардактуу сенатору» макамдарына ээ.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь