Атамбаевдин тушунуда Ак үйдүн басымысыз соттор “Zanoza.kg” басылмасына каршы миллиондогон доо арыздарды канааттандырбайт болчу.
Мындай пикирин бүгүн 17-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйынында сүйлөп жатып журналист Нарын Айып билдирди.
Ал басылманын өзү жана журналисттерге карата козголгон иштер, алардын жүрүшү жана чыккан чечимдер тууралуу маалымат берип, Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар болгонун белгиледи:
– Башкы прокурор Жолдубаева Атамбаевдин атынан сотко берип жатат. Анын буйругусуз Башкы прокурор бере албайт болчу.
2017-жылы Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык “Zanoza.kg” сайтынан эле жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Бирок кийин Атамбаев бийликте турган кезинде журналисттерди сотко бергенине өкүнөөрүн билдирген.
azattyk.org