Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызынын жентек тоюн берди

396

Белгилүү кош жылдыз Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызы Дариянын жентек тоюн берди. Той борбор калаадагы тойканалардын биринде өтүп, түгөйлөрдүн туугандары, достору, санаалаштары, сахнадагы кесиптештери болуп 400гө жакын конок чакырылган.

Той башталып, эл алдына ырчылар кызын көтөрүп, Умай эне, Бакай атанын коштоосунда кирди. Умай эне наристени жаман сөз, жаман көздөн алыс болсун деп маңдайына көө сүйкөө ырымын жасап, чачыла чачса, Бакай ата ак батасын берди. Үй-бүлө кызыл түстөгү окшош кийимди тандашкан.

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова үстүбүздөгү жылдын 27-мартында кыздуу болушкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь